Бишкек ШИИББинин кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 милиция кызматкери жабыркады

Бишкек ШИИББинин кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 милиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 05:00 чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Бишкек ШИИББинин "102" мобилдик батальонуна таандык Ниссан Санни үлгүсүндөгү унаасы жол чыракка токтогон учурда артынан 1994-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу Дэу Нубира үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 милиция кызматкери жабыркап, Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dalil
2017-12-18 15:45:15
С.А.ны саайт экенда эми
+1
almanbetperm
2017-12-18 16:15:53
Берки учоо жыргайт экенда жаны жылга шабашка
+1
almanbetperm
2017-12-18 16:16:07
Ишке да чыгышпай
+1
Nazaroff1974
2017-12-18 16:42:27
С.А.олду эми кысталак.Погончон бекерпоздор кыракадилдей жеп эле салат эми.Бирок чоон сабак болот эрежени сактабай жургонуно,себеби менттердин ордунда ар ким,мумкун жаш балдар болуп калышы мумкун эле.Так что ар ким кылганына жооп бериш керек
0
jbolotov
2017-12-18 17:38:48
Мм кырсык болсо жакшы болуп кетишсин. Бирок атайын чукул токтоп калса артынан сузуп куноолу болгон жокбу териштирилип акыйкат болсо экен.
0
Kyrgyz06
2017-12-18 17:55:05
Эмне эле болуп баратасынар эл журт милиция десе эле жамандап басып каласынар силерден кундо эле акча алып жатабы алып жатат дейсинер а эмне учун бересин аларга акча пара сураса айтыш керек жок мен мыйзам алдында жооп берём деп ошолорго акча бергенче ГАИ болсо банка тогуш керек же квитанция жаздырыш керек колуна акча кармата салбай озубуз кондуробуз анан жегичтер деп наалыйбыз.милициянын унаасы жол чыракта токтоп турганда артынан сузуп жатпайбы так что милицияда куноо жок болуп жатпайбы.
+4
tttalant
2017-12-18 18:07:44
Акча берген озун неге бересин правиланы сактасан эчким акча сурабайтго тоскон мезгилдеда аксынбы акча бербе
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан