Депутат: "Мумияны жерге берүү боюнча шашылыш чечим кабыл алган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо керек"

"Мумияны жерге берүү боюнча шашылыш чечим кабыл алган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо керек", - деп бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында мумия боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов билдирди.

"Мумиянын музейден чыгарылышы боюнча илимий негиздеме жок. Аны жерге берүү чечими шашылыш кабыл алынган. Эми аны кайра казып алуу маселесин кылдат караш керек. Ошондуктан УКМКдан жана Илимдер академиясынан маалымат алышыбыз керек", - деди депутат.

Токторов диний көз караштагы өкмөттүк эмес уюм мумияны жерге берүү талабын койгонун кошумчалап, бул багытта муфтияттан маалымат алынганын кошумчалады.

"Мусулмандар дин башкармалыгы катта көрсөтүп жатат. Шариат боюнча жерге берилбеген дене эч кандай табигый коркунучтарды чакырбайт. Бирок аны жерге берүү зарыл", - деп окуду Токторов.

Депутат Тарых музейинин жетекчилигинин кайдыгерлигинен жалгыз мумия эмес, бир канча тарыхый экспонаттар жоголгонун кошумчалады.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги Тарых музейине өткөрүлгөн.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган мумия тарых музейинде 60 жылдан бери тургандыгын, бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин билдирген. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болгон. Бирок мумия көмүлгөнү менен, кийин аны изилдөө керек болуп калса мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын кошумчалаган аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurgaz
2017-12-18 16:48:28
Депутаттар силерге мумиядан башка иш жокпу
+10
Rifle_I
2017-12-19 01:29:40
nurgaz,алаксытып турсун да бизди. Анан жаңы жыл келет. Антип минтип эски жыл деп 2018-жылдын жарымына барып калабыз. Анан жайында эс алууга кетишсе, биз да кала беребиз.
+1
sna_kg
2017-12-18 16:53:31
Давно олуп калган мумяныны ары бери кылгандан коро,андан башка масалелерди чечсенер
+5
Arlenchik
2017-12-18 17:00:15
Ээ кылган жумушу жок мамлекетин акчасын жегичтер! силерге мумиядан башка чече турган, талкуулай турган нерсе жокбу?! аны коюп башкале маселени козгогулачы, чечилбей аткан коп маселелер бар.
+5
nur...nur.
2017-12-18 17:14:34
Чириген мумияны башынарды оорутпай эле койгулачы, андан башка койгой толтура 120 депутат кыларга иш жок, таркатып жибериш керек
+3
Атасынын баласы
2017-12-18 17:35:42
Ушул 120ны мумиянын ордуна экспонант кылып музейге койсок КРге эки тараптан жакшы болоор беле? Туристтердин саны осуп, жегичтерден арылаар белек?
+10
Ermekbai
2017-12-18 18:05:30
Атасынын баласы, Катырдың. Ичим эзилип калды.
+3
Best.bakyt
2017-12-18 21:00:25
Тируулорго жыргатып мамиле кыла албай атасынар да алда качан олгон кызды жайына койгулачы. Союз кезде изилдеп жыргатпаган эми эмнени кыйратып жиберет экенсинер. Ушулар бироолррго сата албай журошот ондуу менин баамымда мумияны. Клиент чыккан го сыягы.
+2
bekhaliev
2017-12-18 22:09:26
Значит мумия кымбат акча турат
+1
Azatbek83
2017-12-19 00:29:27
Келесоолор андан коро айткыла сатса жакшы кымбат акча турат деп.Жакында сатып салып анан айтышат биз сактай албадык жерге бериш керек ошого жон эле чет олкого бекер берип салдык дешип тан калыштын кереги жок!
+2
Paolo
2017-12-19 04:44:15
гангирап суйлой берет экен да мумиядан айланып эле кеткилечи макулбу башка кылаарга ишинер жокпу
+1
love_you
2017-12-19 15:11:34
60 эыл текей оттоп журуштубу? туштон кийин тушуркошуп? комгондон кийин ызылдагандын не кереги бар? андайэле кыйын боосо эчак эле изилдешпейт беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан