Шыкмаматовдун соту эртеңкиге жылдырылды

Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум эртеңкиге жылдырылды.

Жактоочу Чынара Жакупбекова жумуш убактысы бүткөндүгүн айтып, сотту жылдырууну суранды. Ошондой эле айыпталуучу Али Юксел котормочусуна иш менен таанышууга убакыт керектигин айтты.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сураган. Ал эми эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, ага козголгон кылмыш ишти "саясий кысым" катары баалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан