Ливанда Британиянын элчилигинин өкүлү зордукталып андан кийин муунтулуп өлтүрүлгөн

Ливандын полициясы Британиянын Ливандагы элчилигинин кызматкерин зордуктап, андан кийин муунтуп өлтүргөнгө шектелген эркек кишини кармады. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, элчиликтин Ребекки Дайкс аттуу өкүлүнүн өлүмүнө шектелип кармалган адам таксист болуп иштейт.

Иликтөө иштеринде аныкталгандай, кылмыш саясат же Дайкстын кызматтык милдеттерине байланыштуу эмес. 30 жаштагы Ребекки Дайкстын жансыз денеси Бейруттагы унаа жолдордун биринин четинен табылып, экспертиза жүргүзүлгөн.

Иликтөө иштери көрсөткөндөй, ал 15-декабрда Гемайзе районундагы барда курбусу менен отурган. Бирок эртеси эртең менен Лондонго учуу үчүн үйүнө эртерээк кетүүгө шашкан. Ал туугандары менен Рождествону белгилөөнү мерчемдеген. Курбусу менен коштошуп бардан кеткенден кийин 2 күн кайда болгону азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-12-19 10:12:59
Таксиге тушкондон да таксист болгондон да коркосун
+1
urmat-87
2017-12-19 10:44:38
бардан чыккандан кийин зоокурдун колуна тушкон анан,анан ошо олтуруп ыргытып салганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан