Бишкекте күйүп кеткен үйдүн ичинен бир аялдын жансыз денеси табылды. ӨКМнын маалымат кызматынан маалымдашкандай бүгүн, 19-декабрда таңкы саат 05:27де Бишкек шаарынын Ленин районундагы Библиотечная көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Айтылган дарек боюнча өрт өчүрүүчүлөр тартылып, өрт саат 08:21де толугу менен өчүрүлдү. Өрт өчүрүлгөндөн кийин үйдүн ичинен бир аялдын жансыз денеси табылды. Учурда ал адамдын аты-жөнү такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.