Бүгүн, 4-июнда "Кумтөр" маселесине арналган ЖКнын 3 комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө. Анда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кумтөр” маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө дагы 3 ай убакыт берүүнү Жогорку Кеңештен суранды. Айтымында, өкмөт ишти акырына чыгаруусу үчүн дагы убакыт керек. Ошондой эле Оторбаев ушул жылдын биринчи кварталында “Кумтөр” ишканасынан 1 миллиард 440 миллион сом салык алынгандыгын билдирди.
“Кыргызстан учурда аталган компаниянын үлүшүнүн канча пайызына ээ болуп жатканын, долбоорлордун ичинде канча активдер бар экендигин билиши керек. "Центерранын" активдери башка мамлекеттерде да бар. Аларды жакшылап текшерүү керек. Алар бардык активдерди санаган соң "Центерра" менен тактап, өкмөткө алып келүү зарыл. Бизге сандар келбегендиктен бул суроого так жооп бере албайбыз”,- деди биринчи вице-премьер-министр. Өз кезегинде депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстан "Кумтөрдүн" 33 пайыз кирешесине ээ болуп жатканын билдирди. “Кыргызстан 50 пайызга ээ болушу керек. Эгер ага макул болбосо, келишимди денонсациялоо зарыл”,- деди Нышанов.