Мамлекеттик каттоо кызматы 2012-жылы бюджетке 823 миллион сом төккөн

2012-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы республикалык бюджетке 823,1 миллион сом которгон. Бул маалымат аталган мекеменин 2012-жыл боюнча отчётунда жазылган. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 216 миллион сомго көп. Аталган сумманын 699,8 миллион сомун мамлекеттик салыктар менен жыйымдар түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 196 миллион сомго көп болгон. Атайын каражаттарга карата салык 31,6 миллион сом, кирешеден алынчу салык 30,2 миллион сомду түзгөн. Кирешеден алынчу салыктын мурдагы жылга салыштырмалуу азайышын 2012-жылы болгон кадрларды кыскартуу менен байланыштырышкан. Кошумча нарк салыгынан мамбюджетке 52,3 миллион сом, сатуудан түшкөн салыктан 9,2 миллион сом которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан