Саакашвили Порошенкону өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө чакырган кат жолдоду

"Жаңы күчтөр кыймылы" партиясынын лидери, Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили президент Пётр Порошенкого кызматтан кетүүгө чакырган кат жолдоду. Бул тууралуу 20-декабрда чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Саакашвили Порошенконун командасын Украинаны жакшы жакка өзгөртүүгө алсыз болуп жатканын жана анын өз каалоосу менен кызматтан кетиши өлкөдөгү саясий кризисти чечүүнүн акыркы жолу экенин айткан.

"Отставка - бул элдин эркине моюн сунуу. Бул кадам Порошенконун жоопкерчилигин жеңилдетилишине жардам болушу мүмкүн", - деп жазган Саакашвили.

Айта кетсек, ноябрь айынын орто ченинде да Михаил Саакашвили өзүнүн тарапташтары менен бирге Украинада нааразычылык акциясын өткөрүп, өлкөнүн президенти Пётр Порошенкого импичмент жарыялоону сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2017-12-20 12:14:25
Жон жатпайт окшойт бул киши Ажалын издеген кой койчунун таягы менен ойнойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан