Алматыдагы кыргыз мигранттарынын кыргызстандыктарга кайрылуусу

Казакстандын Алматы шаарында иштеп жаткан кыргыз мигранттары өлкөдөгү окуяларга байланыштуу кыргыз журтуна кайрылуу жасады. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет. Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй: 

 

"Урматтуу кыргыз эли! Биз, Алматы шаарында эмгектенген кыргыз мигранттары сиздерге кайрылуу жолдойбуз. Чет мамлекеттерде эмгектенип, жашап келсек да, биздин жүрөгүбүз мекенибиз - Кыргызстан үчүн согот. Мамлекетибиздеги акыркы жылдардагы болуп жаткан ар түрдүү окуялар биз үчүн өтө өкүнүчтүү. Кыргызстан чет жерде жүргөн ар бир мекендеш үчүң өтө ыйык. Канчалаган улуттардын мекени жок болуп, өз алдынча мамлекет куралбай кан төгүп жатса, ата-бабаларыбыз кыйынчылыктар менен калтырган Улуу Кыргызстаныбызды баалабай  жаткандыгыбыз өтө өкүнүчтүү.  

 

Мамлекетибизди башкарган жетекчилерден баштап, карапайым калкыбыз намысыбызды ойготуп, өлкөбүз үчүн адал кызмат кылууга мезгил келди. Өлкөдөгү эки жолку төңкөрүштөн сабак ала албаган өлкө жетекчилерине эмне деп айтышты да билбей калдык. Урматтуу кыргыз калкым, намысты бек тутуп, өлкөбүздөгү тынчтыкты жана бейпилдикти сактайлы. Бир муштумга биригип, ынтымакта бололу. Кыргызстандын келечеги жакшы болсун деп, чет элде жашаган кыргызстандыктар тилек кылабыз". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан