Түркияда полициядан кордук көргөн кыргыз кызы Бишкекке жеткирилди

Октябрь айында Түрк полициясынын ур-токмогуна туш болгон Кыргыз жараны Р.Арипова 17-декабрда элчиликтин жардамы менен мекенине кайтарылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал октябрь айынан бери Түркиянын Адан шаарында ооруканада дарыланып жаткан. Элчиликтин кызматкерлери Арипованын зарыл болгон дарылануу процедуралары аягына чыккандан кийин Стамбул транзиттик каттамы аркылуу Бишкекке жиберишкен. Азыр ал жакындарынын жанында.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги жана Стамбул шаарындагы башкы консулдук Арипованы ур-токмокко алган полиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо үчүн Түркиянын сот органдары менен иш алып барууда. Соттук отурум 2018-жылдын март айына пландалган.

Белгилей кетсек, октябрь айында Түркияда полиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылган аялдын видеосу интернетке тараган. Кийинчерээк ал Кыргыз жараны экени белгилүү болгон. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nanei
2017-12-20 12:43:29
Эмнеге урду болушту экен байкуш кызды????
+7
Ayida
2017-12-20 12:49:02
Бул суроо темага тийешелуу эмес эле.Жолок пул суйунчу пул тууралуу жакшы тушунбодум админ же тушунгондор сураныч жазып койгулачы кайра кандай болуп озгорду?
+3
Ermekbai
2017-12-20 13:21:25
Ayida,өздөрұда түшүнүшпөй жатыша. Дагы карайлы дешип жатышат
+6
raikakyz
2017-12-20 16:46:03
Ayida,2 балага чыкпайт окшойт менимче.3.4.5 балдарга жолок пул берилет экен.3 жашка чейин 700,3 тон 16 жашка чейинки балага 500 дон деп тушундум мен.Жолок пул алыш учун 5.6.7 балалуу болуш керек бейм ошондо.Бийлик элди жарытпайт го.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-20 13:24:15
Биздин аялдардын улуттук укук коргоочу катын коргобойбу каякта журосун чык корго же ал только бактылуу кыздардын укугун коргойбу бактысын бузуп маймылга окшоп кимде номери бар чалып айтып койгула
+11
JaneEr
2017-12-20 13:34:38
Чубак ажы ушундай бир
келинди куткарып соопко калды.
+10
Bektur.osh
2017-12-20 14:25:09
акча суйлогондо чындык унчукпай калат тууганрдарым! Чубак ажыны колдойм!ал туура иш кылды! бирок туура иш кылгандарды сындырып эле жатышат го чекеден!
+6
ZANIA-92
2017-12-20 21:14:03
Bektur.osh,биринчисин балачакасы мн бирге уу берип олтуром деп коркутуп, экинчисин алганы эмне туурабы? Экинчиси деле депрессия жургондур тийбей эле койсом болмок экен деп. Демек экинчиси деле озун толук кандуу бактылуу сезбей жатат. Ошондо эмне Чубак туура кылдыбы?
-3
Holboeva92
2017-12-21 13:13:16
ZANIA-92, уу берип олтуруп дегенин оз козун менен коргондой уверенно суйлойсузда. Аны бир кудай билет. Балким чындыр балким душмандардын кылганыдыр аны бир Аллах билет.
0
Kirajsjk
2017-12-20 17:45:08
Chubak aji birosun saktap kalgan menen,ortodo ui bulosuno jaraka ketti.Ushu chubak ajini koldogondor ozdoru eki aial algisi kelgenderbi degen oi ketet.
0
tairbek
2017-12-21 09:57:08
Кана кыйын болчуу укук коргоочулар?
0
admin_superstan
2017-12-21 10:06:29
Adiletia, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан