Өткөн мезгилдерде сулуу болуш үчүн айымдар кандай курмандыктарга барышкан?

Сулуулук. Бул сөздүн маанисин ар бир адам ар кандай түшүнөт. Дүйнө жүзүндөгү элдердин сулуулукка болгон көз карашы, талаптары ар башкача болгон. Эң табышмактуу жана үрөйдү учурган сулуулук сырлары менен сиздерди тааныштырабыз.

Байыркы Кытайдагы өзгөчө каштар

VII-Х кылымдарда Кытай кыздарына өздөрүнүн кашын толугу менен кырып салып табигый каштардын ордуна ар кандай формадагы каштарды карандаш менен тартуу жаңы тенденцияга айланган. Каштарынын формасы тегерек, ичке, учтары өйдө караган, ылдый караган кыздарды көчөдөн жолуктуруу кадыресе көрүнүш болгон.

Жасалма жол менен узартылган баштар

Мындай үрөйдү учурган сулуулук модасы байыркы сармат, гунн элдеринде жана майя индеецтеринде болгон. Франция өлкөсүнө бул мода XX кылымда келип аз убакыт ичинде эле популярдуулукка жеткен. Эмне себептен баштын формасын өзгөртүү сулуулуктун символу болуп калгандыгы тууралуу азыркы мезгилге чейин так маалымат жок.

Терилген кирпиктер

Орто кылымда Европада айымдар башында жайгашкан түктөргө жек көрүү менен мамиле кылышкан. Алар алгач чачын толугу менен алып салып ар түрдүү баш кийимдерди кийип жүргөнгө өтүшкөн. Мезгилдин өтүшү менен айымдар кашын кырып кирпиктерин терип салганга чейин жетишкен. Кээ бир божомолдорго караганда, ошол мезгилде оорунун айынан чачтары түшө баштаган аялдар чачын толугу менен алдырып бул көрүнүштү модага айлантышкан.

Татуировка менен тартылган жылмаюулар

Япон аралдарында жашаган айн элинин мырзалары "айымдар жасалма жылмаюу тартып алса, сулуу болуп көрүнөт" деп ойлошкон. Алар мындай жасалма жылмаюулар ийгиликтүү турмушка чыгууга жана өлүмдөн кийин тынчтыкта болууга жардам берет деп ишенишкен. Мындай татуировкаларды кыздарга 7 жашынан баштап тартышкан.

Карагат түстүү тиштер

Тиштердин түсүн өзгөртүү жөрөлгөсү күн чыгыш өлкөсүндө XIX кылымдын аягына чейин сакталган. Карагат түстүү боёкту сумах жаңгактарынан жана уксуста эритилген темир аралашмасынан жасашкан. Мындай боёк тиштерди башка түскө гана боёбостон аларды коргоп, организмди темир менен камсыздап турган.

Көзөлгөн мурундар

Эгерде буга чейинки аракеттер айымдардын сулуулугун арттыруу үчүн болсо, тескерисинче, сулуулукту жашыруу үчүн да аракеттер көрүлгөн мезгилдер болгон. Апатани уруусунун сулуу кыздарын коңшулаш элдердин жигиттери уурдап кетип турган. Ошол себептен уруунун калкынын саны кескин кыскарып кеткен. Мындан улам апатани уруусунун айымдары өзүнүн бетине татуировка түшүрүп, мурундарын көзөп алууну салтка айлантып алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nevestkaa
2017-12-20 23:09:35
Баштын формасын өзгөрткөн аялдын колундагы бешик азыр биз колдонгон бешике окшош го олпокторунан бери.
+2
General.kg
2017-12-21 00:28:59
Оой иий красавицалар ))
-1
mentol
2017-12-21 00:55:09
Козолгон мурундар дегенин коруп жийиркенип кеттим((((((((( Эми кунуго эсиме келеберет ушулар итиркейди келтирип
+4
Snejana
2017-12-21 01:56:23
Корсо, балык башынан сасыган турбайбы. Азыркы оозун чонойтуп, башка жактарын чонойткондор кийин эле чыккан деп ойлопмун.
+4
Snejana
2017-12-21 01:58:34
Азыркы каштардан отот экен. Ужасс!
+2
Shokoladka94
2017-12-21 04:54:50
Кайрат Кыргыздын кашы го тиги башындагы
+7
Azatbek83
2017-12-24 20:56:20
Биздин кыздар кайталай корбосун!Тез эле бироону коруп ошондой кылчу аадаттары бар эле! Орустан чачын сарыга бойоп чыпташкан жармашкан жыртык шымын карандаш турсасын тартып алышты эле.Дененди корсотпой жабык кийин десе араптыкы деп оздору каапырланып кеткени менен иштери жок.Эмнеси болсода ыйман ынсап берип чон эне чон тайнелериндей эле кийинишсе экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан