Мода дүйнөсүндөгү жаңылыктар жыл сайын эмес, ар мезгил сайын алмашып турары талашсыз. Ошентсе да айрымдар көнгөн кийимдерин таштоого батынбай модага карабастан эле кие беришет. Чет элдик стилисттер алардын арасынан төмөнкү кийимдерди келе жаткан жылы колдон келишинче колдонуудан чыгаруу туура боло турганын баса белгилешет.
Мындай тор колготкилер 2016-жылы мода болгон. Ага карабастан бул жылы да аны кийгендердин саны көп катталган. Андыктан келе жаткан жылда эч кандай торчосу жок кадимки капрон колготкисин колдонууга аракет кылыңыз.
Бул бут кийимдерди өткөн жылдан тарта көптөгөн мода сүйүүчүлөр кийишти. Бирок 2018-жылы мындай бут кийимдер стилисттер тарабынан бааланбай турганы айтылат.
Хакки түстөгү бомберлер 2 жылдан бери күз айынын эң көп кийилген кийимдеринин катарын толуктап келсе, келе жаткан жылы мындай сырт кийимдердин ордуна жаңы нерсе сатып алганыңыз оң.
2018-жылы бардык береткалар модада болот. Бирок булгаарыдан тигилген баш кийимдердин модасы соңуна чыкты.
Мындай кедалардын мода болгонуна бир канча жыл болсо да, көпкө чейин актуалдуулугун жоготпой келген. Эми стилисттер келе жаткан жылы мындай кедаларды сапаттуу спорттук бут кийимдерине алмаштырууну сунушташат.
Белдемчилер да келе жаткан жылы колдонууга сунушталбайт. Анын ордуна классикалык курларды тагынсаңыз, көркүңүзгө көрк кошулат.
2017-жылдын негизги модасына айланган Louis Vuitton`дун көйнөктөрү да келе жаткан жылы актуалдуулугун жоготот.
Мындай көз айнектердин модадан калганына бир топ убакыт болгонуна карабай, тагынып жүргөндөрдүн аягы дагы да болсо сууй элек. Андыктан келе жаткан жылы саркечтердин катарын толуктагыңыз келсе, бул көз айнектерди колдонуудан чыгарып койгонуңуз туура болот.