Жоомарт Оторбаев: “Өкмөт Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн каражаттар кайда кетип жатканын иликтеп чыгат”

 “Өкмөт Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн каражаттар кайда кетип жатканын иликтеп чыгат”,- деди бүгүн, 4-июнда ЖКнын 3 комитетинин биргелешкен жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Айтымында, азыр элдерден бул каражаттар кайда кетип жаткандыгы тууралуу көптөгөн суроолор келип жатат. “Ошондой эле бул маселени укук коргоо органдары дагы иликтешет. Тиешелүү каражаттар өкмөттүн облустагы өкүлү тарабынан тиешелүү комитеттерге бөлүнөт. Комитеттин курамына жергиликтүү органдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү кирет”,- деди Оторбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан