Бүгүн, 4-июнда Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында өкмөттүн облустагы өкүлү Токон Мамытовдун катышуусунда учурдагы саясий кырдаал боюнча маалымат жыйын болду. Ага аталган райондун жаштары, ОИИБинин жетекчиси Мырзабек Исмаилов, облус жетекчисинин биринчи орун басары Роза Кайыкова, Жети-Өгүз районунун акими Жаныбек Дүйшөмбиев, "Кумтөр" ишканасынын өкүлдөрү жана башкалар катышты. Жергиликтүү бийлик жетекчилери журналисттердин суроолоруна жооп беришип Жети-Өгүз районунда учурда саясий абал туруктуу экендигин билдирди. Токон Мамытов жергиликтүү жашоочуларга коюлган талаптары акырындык менен аткарыла баштагандыгын билдирип, элди сабырдуулукка чакырды.