Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Бүгүн аба ырайынын кескин өзгөрүп кеткенине байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош шаарында министрликтин тиешелүү башкармалыктары, бөлүм башчылары жана облустук башкармалыктардын башчылары менен чукул жыйын өткөрдү. Жыйында министр акыркы сааттарга карата республикадагы абал боюнча маалымат укту. Бийик тоолуу унаа жолдордун абалы, кокус өзгөчө кырдаалдар болуп кетсе, алардын кесепеттерин жоюуга болгон даярдыктар боюнча буга чейин берилген тапшырмалардын жыйынтыктары менен дагы бир ирет таанышты. Министр кырсыктын кесепетин жоюу эмес, алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча катуу тапшырмаларды берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан