"SplashData" компаниясы социалдык тармактардын 5 миллионго жакын колдонуучуларынын сыр сөздөрүн анализдеп, алардын ичинен 2017-жылдагы эң оңой сыр сөздөрдү аныктады. Албетте, 1-орунду төрт жылдан бери "123456" сыр сөзү ээлеп келет. Андан соң "password" ("сыр сөз") сөзү, ал эми 3-орунда "12345678" деген сыр сөз эң оңой деп табылган.
Андан сырткары адамдын туулган жылы, "letmein" ("мени ач") сөзү жана адамдын аты коюлган сыр сөздөр хакерлер тарабынан бузуп алууга оңой деп табылган.
Социалдык түйүндүн колдонуучулары үчүн сыр сөздүн жашыруун болуусу маанилүү. Себеби андагы сиздин купуя сырларыңызды башка колдонуучулардын билүүсү жакшы эмес. Андыктан катталган баракчаларыңызга ишеничтүү жана татаал сыр сөздөрдү коюуга аракет кылыңыз.