Дүйнө жүзүндө алгачкы жолу 24 жыл мурун тоңдурулган эмбриондон бала төрөлдү

Дүйнө жүзүндө алгачкы жолу 24 жыл мурун тоңдурулган эмбриондон бала төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Теннесси штатында 24 жыл мурун тоңдурулган эмбриондон 2017-жылдын 25-ноябрында 3 килограмм салмактагы наристе төрөлгөн. Эмбрион 1992-жылы 14-октябрда тоңдурулган. Наристени жарык дүйнөгө 25 жаштагы Тина Гибсон алып келген. Эсептей келгенде Тина жаңы төрөлгөн ымыркайынан бир эле жаш улуу болуп чыгат.

"Мен жөн гана балалуу болгум келген, рекорд коём деп эч ойлогон эмесмин", - деп билдирген Гибсон.

Ошондой эле аны жасалма жол менен төрөгөнгө атасы көндүргөнүн, буга чейин ал балдар үйүнөн бала асырап алайын деген ою бар болгондугун кошумчалаган. Себеби жолдошу Бенжамин Гибсон экөө мындан 7 жыл мурун баш кошуп, бирок балалуу боло албай келишкен.

Дарыгерлердин белгилөөсү боюнча учурда ымыркайдын абалы жакшы, ага Эмма деген ысым ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-21 13:49:32
Жетишкендик
+3
Dembele84
2017-12-21 13:57:23
Что в мире творится?
-6
Nurjan15
2017-12-21 14:04:31
Тушунгон жокмун
+5
Tyty1990
2017-12-21 14:08:59
Мени да тондурушса жакшы болмок 50 жылга. Аялым ошондо 73 чыкмак экен. Жаны эле муздан чыгып уйго барсам аялым отурат дегин. Биринчи суроосу баягы эле дежурный =кайда журдун= болсо керек.
+27
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-21 19:34:38
Tyty1990, муузда тонуп жаттым деп журупсун да))))
+1
Azatbek83
2017-12-21 14:13:59
Тушунунгондор болсо айтып койгулачы
0
Tyty1990
2017-12-21 14:28:44
Azatbek83,тондурулган туйулдук.же эркектин уругу деп тушундум
+7
Ermekbai
2017-12-21 14:31:34
Tyty1990,менда ошентип түшүндүм
+3
kechirmeni
2017-12-21 14:31:18
Azatbek83,Менимче эмбрион-туйулдук болуш керек
+5
Aima94
2017-12-21 16:13:58
Azatbek83,сериал клон көрдүн беле?
0
saparu
2017-12-21 14:21:28
Менда тушунбодум
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-21 14:42:41
Эркектин эле уруктугу да 1992-тондуруп койгон аны ээритип тиги кызга куйган да. Менимче)))
+16
Gulnyr19
2017-12-21 14:51:18
Bolunbo.kyrgyz,оа ошондой
+3
raikakyz
2017-12-21 16:15:12
Bolunbo.kyrgyz эмбрион- туйулдук деп журсо,биле элегим коп окшойт али.
-1
orhideya_15
2017-12-21 14:54:20
Эмбрион деген аялдын яйцо клеткасы менен эркектин спермасын алып уруктандырып тондуруп коет. анан аны маткага салып койду да. Азыр деле ЭКО жазап жатышпайбы ошондо бироосун тондуруп коюп кийин (кудай сактасын) куйоосу олуп калса барып ошол тонгон эмбрионду салдырып тороп алса болот.
+8
aselushka
2017-12-21 15:03:42
Алла Пугачевада башы иштеп тондуртуп койгон экен,Максим экоо балалуу болуп алыштыго эгиз.
+3
BakytAliev
2017-12-21 18:35:23
aselushka,алардыкы башкача болсо керек. Бул дуйнодо 1-жолу деп атат ко
+1
boris8907
2017-12-21 16:02:06
Эмбрион сперматозоид менен яйцоклетка
+4
kechirmeni
2017-12-21 16:28:09
Бизде кыргызстанда барбы жокпу
-1
trabzon11
2017-12-21 20:23:17
Кичине тушунуктуу кылып жазгылачы,ошондо тондурулган сперма кимдики азыркы атасы ал убакта 1-2жашар болсо керек.Жооп берип койгулачы билгендер.
-1
kilim
2017-12-21 21:36:45
Тушунсом 1 сом берейин
0
Eli.91
2017-12-21 22:06:56
Тондурулган туйулдук деп тушундум менда,1992 жылы тондурулган экен,бирок Ким тондурганын туюк кылып жазаышыптыр,кыз 25 жашта дейт,ошол маментте торолгондо ушул кыз менен тен болуп калмак экен балакай,куйоосу деле жаш экен,бул урукту тондургандар буларга донор сыяктуу болуп калдыда,бирок бул урукту тондургандар 50 жаштан отуп калса керек деп ойлоп калдым.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан