





Дүйнө жүзүндө Жаңы жылга жакын балатылардын расмий эмес жарышы башталгандай. Анда эмесе кайсы өлкөдө кандай балаты орнотулганына саресеп салып көрөлү.
Литва, Вильнюс
Жылдын эң негизги майрамы Жаңы жылдын символуна айланган эң кооз балаты быйыл Литванын борбор шаары Вильнюста орнотулган. Анын бийиктиги 27 метрге жеткен. Өлкөнүн эң негизги балатысын кооздоого 2700 оюнчук жана эки катмар 70 миң кичинекей лампочкалары бар гирлянда керектелген. Кооздолгон жердин жалпы аянты 2 миң 500 чарчы метрге жеткен.
Тажикстан, Дүйшөмбү
Ал эми коңшу Тажик өлкөсүнүн борбор шаары Дүйшөмбүдөгү "Дутси" аянтында быйыл шаардын мэри Рустам Эмомалинин демилгеси менен светодиодук балаты орнотулган. Анын бийиктиги 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзгөн.
АКШ, Нью-Йорк
Ал эми Нью-Йоркто орун алган Американын башкы балатыларынын биринин чырагын жандыруу аземин шаардын мэри Билл де Блазио башкарып, миңдеген көрүүчүлөрдүн назарында узундугу 22 метрге жеткен балатынын чырагын жандырды. 50 миңден ашык ар кандай түстөгү лампочкалар менен кооздолгон балатыны салтанаттуу түрдө күйгүзүү аземи Нью-Йоркто 85-жолу өтүп жатат.
Казакстан, Астана
Боордош казак элинин эң негизги балатысы быйыл EXPO-2017 көргөзмө комплексинин аймагында орнотулган. Балаты менен гана чектелип калбастан, анын тегерегине муз комплекси ачылган. Шаар тургундары жана коноктор балаты көрүп эле тим болбостон муз тээп эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүнө ыраазы.
Украина, Киев