Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунда болуп өткөн митингдин лидерлери "Жалал-Абаддагы митингдин "Кумтөргө" байланышы жок" дешти

Бүгүн, 4-июнда Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында өткөн маалымат жыйынында Жети-Өгүз районунда болуп өткөн митингдердин лидерлери коомчулукка кайрылуу жасап, өздөрүнүн артында саясий жана экстремисттик күчтөр жок экендигин айтышты. Лидерлердин бири Эрмек Жунушбаев: “Биздин аркабызда кандайдыр бир күчтөр турган болсо, митинг мындай тынчтык  жолу менен аяктабайт болчу”,- деп белгиледи. Ошондой эле Жалал-Абад жергесинде болуп жаткан митингдин Ысык-Көлгө, "Кумтөр" ишканасына эч кандай тиешеси жок экендигин да айтты ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан