Ысык-Көл. Жети-Өгүздөгү митингден жаракат алгандардын абалы жакшы

27-майдан 1-июнга чейин созулган "Кумтөр" ишканасына байланыштуу Жети-Өгүз районундагы митинг учурунда жалпы 70 киши дарыгерлерге кайрылган. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, митингде жаракат алгандардын ичинен 6 адам учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын үчөөсүнүн жаракаты оор болгондуктан Бишкекке жеткирилген, бирөө Жети-Өгүз райондук ооруканасында болсо, калган экөө Каракол шаарында жайгашкан облустук ооруканада жатат. "Учурда алардын абалы жакшырып калды. Дагы бир нече күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алган жаракатынан толук айыккан соң үйлөрүнө чыгарылат",- деп кошумчалады министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан