Эл аралык "Манас" аэропорту тумандуу аба ырайына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда аталган мекеменин маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда күтүүдө төрт рейс турат.
"Учурда аба гаваны учактарды кабыл албай жана коё бербей жатат. Аэропорттун аймагын коюу туман каптаган. 100 метр аралык гана көрүнөт", - деп билдирди аэропорттун маалымат катчысы.