Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу, ырчы, 200гө жакын обондордун автору Аксуубай Атабаев 1943-жылдын 22-декабрында Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган.
Анын обондору кыргыз музыкасынын классикасына айланып калды. "Чагылган", "Он сегиз жаш", "Эне жөнүндө баллада", "Тоолор", "Таалайбек", "Айгүл ай", "Жүрөк эңсейт" жана башка ырлары кыргыз обондуу ырларынын алтын казынасынан орун алды. Атабаевдин ырларын СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Сабира Суранчиева, Анарбек Ибраев, Майрам Дүйшөкеева, Керим Турапов, Султан Каримов, Гүлнур Сатылганова жана башка дагы жаш ырчылар обондоруна кайрадан өмүр жаратып аткарып жүрөт.
Аксуубай Атабаев Токтогул Сатылганов атындагы мектеп–интернатта окуган. Бир жарым жыл Советтер Биримдигинин Кронштадттагы Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөп, ооруга байланыштуу, бир өпкөсүнө операция жасалып, кыргыз жергесине кайтып келген.
1963-жылы Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына “Хордун артисти” кызматына кабыл алынган.
1970-жылы Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүнө кабыл алынып, комуз боюнча адистикке ээ болгон. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист болуп эмгектенген. 1982-жылдан баштап Республикалык кесипчилик-техникалык окуу жайынын Маданият Ордосунун директору болуп 30 жылдай иштеген.
А.Атабаев "Курбуларым" деген тун обонун 1962-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын хор студиясында окуп жүргөндө чыгарган. Обон студенттик турмушка арналган. Себеби атайын Ак-Суу районунан ат арытып, эңсеп келип кирген окуусу, андагы музыкага жөндөмдүү курбулары, келечек кесиптин пайдубалын тургузган студенттик турмуш, ушунун баары аны эргитпей койгон эмес. Андан кийин анын "Эне жөнүндө баллада" деген ыры жаралып, коомчулукка обончу катары тааныла баштаган. Атабаевдин аткаруусун угуп жүргөн замандаштары анын өзгөчө созолонтуп ырдаган стилине, берилүүсүнө, үнүнө, талантына баа берип келишет.
Обончу 1988-жылы - "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер", 1987-жылы - "СССРдин кесиптик билим берүүсүнүн мыктысы", 2000-жылы “КРнын эл артисти” сыйлыктарына ээ болгон жана башка көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган.
2011-жылдын 12-декабрында кыргыз эли кыргыз маданиятында бараандуу орду бар обончусунан ажыраган. Аксуубай Атабаев 68 жаш курагында жүрөк оорудан улам көз жумган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Улуттук опера жана балет театрында өткөн.
Замандаштары эскергендей, ал өзүнүн өлүмүн алдын ала сезген жана көзү өткөндөн кийин сөөгүн өзүнүн төрөлүп өскөн жерине койгула деген керээзин айтып кеткен.
22-декабрга карата жылнаама.