“Мушкат” юридикалык компаниясынын “Кумтөр” боюнча маалыматы Жогорку Кеңеште уктурулат

“Мушкат” юридикалык компаниясынын “Кумтөр” боюнча маалыматы Жогорку Кеңеште уктурулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ЖКнын 3 комитетинин биргелешкен жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди. Айтымында, бул компания мамлекеттик комиссиянын курамына кирген жана “Кумтөр” маселеси боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде коргоого даяр экендигин билдирген. “Буга карабастан өкмөт башка консультанттар менен иштөөнү көздөп жатат. Израилдик юристтердин депутаттарга берүүчү маалыматтары бар болушу керек. Ошондуктан бул маселени пленардык жыйында талкуулоо керек”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле депутат аталган компанияга бюджеттен канча суммадагы каражат төлөнгөнүнө кызыкты. Өз кезегинде экономика министри Темир Сариев “Мушкат” компаниясына 200 миң доллар каражат төлөнгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан