"Non-stop" дуэтинин солисти Максат Садырбеков сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды. Ырчы мырза интернеттеги жеке баракчасына бийкеч менен түшкөн сүрөтүн жүктөп "жүрөкчө" белгисинен кийин "Бар экениңе рахмат" деп жазган.
Садырбеков сүрөттү жүктөгөнүнө аз гана убакыт болгону менен интернет колдонуучулар аны кызуу талкууга алууда. Айрымдар аларга таза сүйүү, бакыт тилесе, көпчүлүгү буга чейин "Non-stop" дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбекова менен кыз-жигит мамилесинде деп ойлоп жүрүшкөнүн жазышкан. Ырчылар Чолпон менен Максаттын күйөрмандарынын көбү бул сүрөт күтүүсүз жаңылык болгонун билдиришкен. Сүрөткө жазылган билдирүүлөрдөн Максат менен Чолпонду сүйүү мамилесинде деген ишеним менен жүргөндөр көп экенин байкоого болот.
Айрым маалыматтар боюнча, Максат Садырбеков жарыялаган сүрөттөгү сулуу 23 жаштагы Айсулуу аттуу бийкеч, визажист болуп эмгектенет.
Эске салсак, буга чейин 30-ноябрда "Non-stop" дуэтинин курамы жаңылана тургандыгы маалымдалып, анын солисттери Максат менен Чолпондун өз алдынча пландары бар экени жазылган.