Демейде жазуучулар чогулушка, тойго же коомдук иштерге, бийликке, айтор эл көп топтолуп божурашкан жерге бара беришпейт, өздөрүнүн бөлмөсүндө отуруп алып, өзү менен өзү болуп жаза беришет. Бирок Казат Акматовдун көп жазуучудан өзгөчөлүгү - өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды. Мындай эскерүүнү жазуучунун замандаштары жазган.
Кыргызстандын эл жазуучусу, прозаик, драматург, сценарист жана коомдук ишмер Казат Акматов Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 1943-жылдын 23-декабрында туулган. Өз атасы Турсунаалы, өгөй атасы Акмат жоого аттанып, жаш баланы Бурулкан аттуу эжеси багат. Согуш жана анын азабы баланы эрте жетилдиргени, жаш жүрөгү оор күндөрдүн илдетин өзүнө алганы айтпаса да көпчүлүккө түшүнүктүү.
БИЛИМИ
1958-жылы онунчу классты аяктаган. 1966-жылы Москвадагы Жогорку комсомол мектебин, 1967-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ
* 1954-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы №54-жылкы заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
* 1964-жылдардан тарта комсомолдук иштерде эмгектенген.
* 1972-жылы "Кыргызстан" басмаканасында ага редактор, башкы редакторго орун басар болгон.
* 1974-83-ж. Кыргыз КП БКнын инструктору, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары;
* 1983-86-ж. Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору;
* 1986-90-ж. Кыргыз жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы.
* 1990-жылы Кыргыз демократиялык кыймылынын уюштуруучусу болгон.
* 1990–95-ж. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
1974-жылы али эч кимге белгисиз Акматовдун "Боз улан" деген ат менен алгачкы китеби жарык көрөт. Жаш адамдын калыптанышы, анын коомдогу оош-кыйышы, жеңиш-жеңилиштери тууралуу китептин атын алган чакан повести окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, өзү Жазуучулар союзуна мүчөлүккө өтөт.
1978-жылы "Эки сап өмүр" повести, ага улай эле чыккан "Ыйык журт" китеби, "Мезгил" романы кыргыз совет адабиятынын аябай гүлдөө дооруна, мамлекет китептерди чыгарып, элге жеткирүүгө кам көргөн доорго туш келген. "Мунабия", "Күндү айланган жылдар", "Ажырашуу түнү", "Миң бир түн" жана башка көптөгөн чыгармалары жарык көрүп, Акматов кыргыз жана СССР адабиятынан бараандуу орунга ээ болгон. Жазуучунун кийинки чыгармачылык бийиктиги "Архат" романы. 2005-2007-жылдарда үч бөлүк болуп чыккан бул романдын жаңылыгы – окуянын бир кыйла бөлүгүнүн Тибетте, кечилканада өтүшү болгон. "Архаттан" соң жазуучу "Эрика Клаустун он үчүнчү кадамы", "Шахидга" деген чыгармаларын жазып, алар жазуучунун чыгармачылык тематикасынын, поэтикасынын кенендигин көрсөткөн.
СЫЙЛЫКТАРЫ
"Манас-1000" юбилейлик медалы менен сыйланган.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
Бүткүл союздук Николай Островский атындагы адабият сыйлыгынын ээси.
Кыргыз Эл жазуучусу.
СӨӨГҮ КЫЗЫНЫН КӨРҮСТӨНҮНҮН ЖАНЫНА КОЮЛГАН
2012-жылы Казат Акматовдун 17 жаштагы кызы оор жүк ташыган машина коюп кетип, каза болуп калган. Бул жазуучуга абдан оор сокку болуп, ошондон кийин ал кайгыга батып, күчүнөн тая баштаган. Тез-тез ооручу болуп калган. 2015-жылдын 14-сентябрында Кыргыз эли улуу жазуучу, коомдук ишмеринен айрылган. 2015-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтүп, ага бир катар мамлекеттик ишмерлер, бийлик өкүлдөрү, жазуучулар, анын замандаштары, адабият сүйүүчүлөр, туугандары, достору, жакындары катышкан. Жазуучунун сөөгү кызы Мунабиянын көрүстөнүнүн жанына коюлган.
23-декабрга карата жылнаама.