"Центерра" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөткө 4 ай берилди

Бүгүн, 4-июнда ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү, Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында өкмөттүн “Центерра” менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн отчёту уктурулуп, өкмөттүн "Кумтөр" маселеси боюнча отчётун тармактык комитет эске алды. Анда депутат Кожобек Рыспаев сүйлөшүүлөр үчүн өкмөткө 1-октябрга чейин мөөнөт берилгендигин билдирди. “Эгерде аталган убакытта маселе чечилбесе өкмөт отставкага кетиши керек”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле Кожобек Рыспаев иштин жыйынтыгы Кыргызстандын пайдасына чечилиши үчүн өкмөт бардык аракеттерди кылуусу керектигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан