Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарынын мэри болуп Абдумалик Апсаматов дайындалды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы 4-июнда билдирди. Ошондой эле Баткендин Кадамжай районундагы Марказ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Махаматмуса Алимбеков, Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Камалидин Бегматов шайланды. Ал эми Таластагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сабит Төрөбеков, Чүйдүн Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчылыгына Азизбек Манапов шайланды.