Аяз ата жок деп айткан мугалимди окуучунун апасы жоопко тартууну суранууда

Британиялык окуучу кыздын апасы мугалим кызына аяз атанын жок экенин айтканы үчүн жоопко тартууну суранууда. Чет элдик басылмаларда жазылгандай, Стефани Бойден аттуу 6 балалуу эне жеке баракчасына мугалимге болгон нааразычылыгын жазган.

Стефанинин ал кызы Деми 11 жашта.

"Кызым мектептен келип эле "аяз ата жок экен, бизге мугалим айтты" деди. Мен аны Жаңы жылдагы майрамдык сыйкырлардын бар экенине кайра ишендирип көрдүм, ишенген жок. Эмнеге балдардын кыялдарын, сыйкырлуу ишенимдерин мугалими жок кылат?" - деп жазган ал.

Мындан тышкары ал кызынын мугалимин жоопко тартууну суранып, мектептин директоруна кайрылган. Ал мугалимдин атынан Стефанилердин үй-бүлөсүнүн жаңы жылдык маанайын бузгандыгы үчүн кечирим сураган.

Алар көп балалуу үй-бүлө болгондуктан балдары майрамдык сыйкырларга ишенип, Жаңы жылды кызыктуу тосушчу.

Бойдендин билдирүүсүнө кайчылаш пикирлер жазылууда. "Балдар жомоктор дүйнөсүндө көбүрөөк жашаса - бул алар үчүн бакыт. Балдар өздөрү аңдап түшүнүп калганга чейин аяз атанын жок экенин айтпай эле койгон туура", - деген пикирлер бар.

Ошол эле учурда "Балдар реалдуу жашоону кабыл алып жашаганы туура, анын үстүнө 11 жаштагы кыздын аяз атанын жок экендигин билгендиги эч нерсе эмес", - деген билдирүүлөр да калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Jazdyn_tany
2017-12-24 21:26:30
Ооой 11 жаш дейби? Чоң эле кыз болуп акыл эс кирген убак экен го. Мен 5-6 жашымда эле аяз атанын жок экенин, алар кызыл чапан кийип алган эле адамдар экенин билчүмүн... 11 жаш...мен мындай кезимде базарга чыгып соода кылчумун! Европалыктар обу жок да
+12
Taalaibek.
2017-12-25 08:02:20
Jazdyn_tany,Мактанып кеттин го.
-2
bekub1473kg
2017-12-24 21:34:34
Мен 5жашымда жаны жылда аяз ата келет деп кыялданып кутком корсо бизди алдайт экен жаш кезинде жалган создор мн чонойсон жалганчы болуп калат экенсин
+11
Baiana
2017-12-24 22:06:11
Обу жок экен апасы
+11
mederkg
2017-12-24 23:31:27
Мен биринчи класста аяз ата мн аяз кызды көрүп омей түкүнчө агай мн мыно эже аяз кыз турбайбы дегем күндө көрмго буларды деп айткан экем
+3
pat12
2017-12-24 23:33:13
Кеп аяздын бар - жогунда эмес. Аяз атанын жогун дуйно жузу билет. Жон гана кичинекей балдар учун бир жылда бир жолу конулдору которулуп калышат экен. Жакында биз озубуз Аяз ата менен аяз кызды уйго жалдап балдарыбызга белектерди тапшырдык. Конулдору ушул убака чейин которулуп журушот. Мугалим кичинекей балага антип айтпай деле койсо болмок. Баарыбыз аяз ата менен чонойгонбуз. Мейли эми адам бул дуйнодо бироонун каалосу учун торолбойт. Ар ким озу чечет.
-6
suban78
2017-12-25 01:13:15
pat12,психологдордун изилдоосу бар. Аяз атат сыяктуу боорукер, жакшылык алып келген каармандарга ишенип чонойгон балдар боорукер, кайрымдуу,кылмыш жолуна барбаган адамдар болушат экен. Бул эч кандай "ширк-пирк" эмес туугандар, балдарыбызга аяз ата бар деп тарбиялайлы.
-4
shergazy9
2017-12-25 02:09:21
suban78,аяз ата эмес, кудай таала жонундо кобуроок айтсанар мээримдуроок болор эле
+9
Aziret97
2017-12-24 23:39:17
Менин 7 жаштагы иним Аяз ата жок деп жүрөт го 11 жаштагы кыздын Аяз ата бар экенине ишенгени кызык
+12
Aibek-312
2017-12-25 00:13:15
Жокту жок дейтта чындык менен жашаш керек
+6
Shokoladka94
2017-12-25 00:27:26
Менин ишенбей эле чонойсом керек, балдарымдын деле Аяз атага ишенгенин каалабайм.Аяз атага каршы эмесмин болгону мультфильмдеги каарман катары келип белек берип кетет да
+7
clay
2017-12-25 01:09:33
Аме
-1
clay
2017-12-25 01:10:00
Амей аяз ата жок дейби. Ишенбейм кантип эле жок болсун.
-1
nur85
2017-12-25 09:22:50
clay,конулум ачыла тушту рахмат.
-1
mishonia8077
2017-12-25 01:22:31
Бөйрөктөн шыйрак чыгарышыптыр го
0
yrchy_jigit
2017-12-25 03:22:28
Мен 11 жашымда аяз-атага ишенмектугул аяз-ата болуп кийинип,суротко тушуп иштечу элем)))
+3
Ulutum_Kyrgyz
2017-12-25 03:58:30
superdin adminderi maga kupuyaga chygyp koigulachy suranych
0
Beku89
2017-12-25 06:30:41
Чыныгы аяз ата бар. Ал лапландия олкосундо жашайт. Карып да калыптыр.
-4
zheenbaev95
2017-12-25 09:58:05
Beku89,барып жаны жылдык белек алып келдин беле????
+3
-Sumitra-
2017-12-25 11:16:42
11 жаштагы кыз аяз ата бар деп журсо.Менин 3жаш кызым аяз ата адам экенин.Жон эле форма кийип алганын билет го.))(Аяз ата бар же жок деп деле айтпайбыз негизи кызыма.Каапырлар оюндагысын кылат экен да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан