Бишкек шаардык сотунда өзүн " элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралып жатат

Бүгүн, 4-июнда Жалал-Абаддагы тополоңдо өзүн "элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Бишкек шаардык сотунда каралып жатканын УКМКдан билдиришти. Буга чейин Үсөновдун тергөө иштери бүткөнчө белгилүү мөөнөткө камалат же үй камагына чыгарыла турганы айтылып жаткан болчу. Эске салсак, 31-майда Жалал-Абад шаарындагы баш аламандыкта митингчилер менен бирге облус башчысын иш ордунан кууп чыгып, өзүн "элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөнов 2-июнда УКМК тарабынан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ал эми Жалал-Абадда анын тарапташтары Ош-Бишкек жолун тосушуп, "Үсөнов жана "ата журтчу" депутаттар бошотулмайынча кетпейбиз" деп турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан