Жалал-Абаддагы митингчилер бүгүн, 4-июнда тосуп алган Ош-Бишкек жолунун Беш-Мойнок айыл аймагындагы бөлүгү ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева билдирди. Ал жерде токтоп калган унаалар учурда Ош багытын көздөй өтүп баштады. Айта кетсек, унаа жолдун аталган бөлүгү бүгүн, Боз-Чычкан айылындагы бөлүгү 2-июнда жабылган. Эки жеринен буулган жолдун ортосунда калган унаалар ары же бери жыла албай калган болчу.