Митингчилердин Ош-Бишкек жолун тосуусунан улам келтирилген чыгымды аныктоо үчүн атайын комиссия иштеп жатат
Жалал-Абадда митингчилердин Ош-Бишкек жолун тосуусунан улам келтирилген чыгымды аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева билдирди. Комиссиянын
курамына Жалал-Абад облусундагы бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирип, учурда тосулган жолдон өтө албай токтоп
турган ар бир унаанын номурун каттоого алып, ташылып бара жаткан жүктүн өлчөмүн тизмеге алышууда. Мындан сырткары комиссия тарабынан чыгымдарды так
аныктоо үчүн кайсы унаа кайсы багытты көздөй бара жатканы да такталууда.