Египет Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу балдардын калыбына келтирүү борборуна жана Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык үй интернатына гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жардам катары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 10 коляска, 5 принтер берилген.