Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында документтерге кол коюлду

Президент Cооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча 25-декабрда биргелешкен документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой эле Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге, Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосундагы эки мамлекеттин чек арасындагы режим жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Андан кийин Кыргыз-Казак мамлекет башчылары кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

“Тар курамда жолугушуудагы сүйлөшүүлөрдө биз көп маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик жана аларды чечтик. Эки тараптуу товар жүгүртүүнү жана соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Жол картасына кол коюлуп, ушуга байланыштуу министрликтерге жана мекемелерге тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул багыттагы иштер активдештирилди. Биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз деп ишенебиз”, - деди Жээнбеков.

Кыргыз өлкөсүнүн башчысы чек ара, фитосанитардык, ветеринардык, бажы, салык көзөмөлү, транспорттук ташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтты.

Жээнбеков Кыргыз-Казак өкмөтүнүн ортосундагы Чолпон-Ата-Алматы унаа жолунун курулушу боюнча долбоорун кароону жана кол коюуну тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Нурсултан Назарбаев кыска мезгилдин аралыгында Сооронбай Жээнбеков менен эки жолу жолугушуп, көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишкенин белгиледи.

“25 жылдын аралыгында Кыргыз-Казак мамлекеттери 150дөн ашуун документтерге кол коюшкан. Казакстандын мындай документтер базасы Кыргыз мамлекетинен башка бир дагы өлкө менен түзүлгөн эмес. Мен бардык маселелерди чечүүгө жана келечекке умтулууга даярмын”, - дейт Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын мамлекет башчысы эки элдин ортосунда чечилбей турган эч кандай маселе жок экендигин белгиледи. "Казакстан Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына 650 миллион доллар салган негизги өнөктөшү. Биз ЕАЭБдин алкагында чече турган, ошондой эле аймактык жана саясий көптөгөн маселелерди карадык. Өкмөттөрүбүз өлкөлөр ортосундагы бардыгыбызды тынчсыздандырган маселелерди чечүү үчүн абдан чоң жумуш жасады", - деди Назарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан