Бүгүн, 26-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Астанада Кыргыз-Казак президенттери Нурсултан Назарбаев менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу өттү. Назарбаев 26 жылда Кыргызга эч бир жамандык кылбаганын, Кыргыз тарап көтөргөн бардык маселе боюнча иштешүүгө даяр экенин билдирди. Жээнбеков да Кыргыз-Казак мамилесин чыӊдоого аракет кыларын айтты. Астанада негизги 2 документке кол коюлду: Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим, Кыргыз-Казак чек арасындагы режим жөнүндө макулдашуу.
Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев “Казак бийлиги Кыргыз-Казак чек арасы боюнча келишимге болбогон 800 метр үчүн кол койбой жатат” деп нааразы болгон. "Кыргыз-Казак чек арасында маселе жараткан 800 метр жер бар. Казак тарап биздин сунуштарга көнбөй жатат, президенти ушул 800 метр жерсиз жашай албайт көрүнөт", - деген эле Атамбаев. Бишкектен Кеминди көздөй бараткандагы айланма жолдун маселе жараткан 800 метри кимдин пайдасына, кантип чечилгени жарыяланган жок.
Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүн Орусия аркылуу тышкы дүйнө менен байланыштырып турган, транзиттик өлкө. Соода-экономикалык жактан, эки элдин илгертеден келе жаткан карым-катышы жагынан да Кыргызга маанилүү өлкө. Ошентсе да Назарбаевдин "Кыргызга такыр зыяным тийбеди" дегени жакынкы 3 айды эске алганда деле суроо жаратуучу сөз.
Казакстан Кыргыздын ЕАЭБдеги өнөктөшү, коңшусу. Ага карабай, соӊку жылдары өлкөлөр ортосундагы соода көрсөткүчтөрү начарлап кеткен. Мисалы, 2015-жылга чейин Кыргыз-Казак ортосунда соода жүгүртүүнүн суммасы 1 миллиард доллардын тегерегинде болсо, 2015-жылы 700 миллион долларды түзүп, баштагыдан 33 пайызга түшкөн. 2016-жылы бул көрсөткүч 1 пайызга өскөн. 2017-жылдын 10 айында товар жүгүртүүнүн суммасы 743 миллион долларды түзгөн. Октябрда Казакстан чек арасын жаап, көптөгөн Кыргыз ишкерлери жапа чегишти. Бул окуядан Кыргыз тарап канча зыян тартканын өкмөттүк комиссия иликтемекчи болгон, бирок жыйынтыктарын жарыялай элек. Өкмөт цифраларды тактабай жатканына карабай бул кризистен өлкө пайда тапкан жок, зыян тартты деп жыйынтык чыгарууга болот. Ошентип Казак эл башынын саясаттагы таарынычы Кыргызга экономикалык зыян иретинде тийди.
Ырас, Назарбаев баштаган казак бийлиги чек араны 2010-жылдагы революциядан кийин да, 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында да "өлкөгө тышкы коркунучтардын кирип кетүүсүнүн алдын алуу" деп жапты. Бул коңшу өлкөдө маанилүү саясий окуя күтүлүп жатканда же аймактагы абал туруксуз болуп турганда жасала турган көрүнүш. Деген менен Казакстан үчүн башкы коркунуч диний экстремизм, баңгизат, курал-жарак соодасы же үчүнчү күчтөр эмес, Кыргыздан баруучу революциялык эпкин болчу.
Быйыл 1,5 айга созулган Кыргыз-Казак кризисинде Кыргызда калыптанып бараткан бийликти бир адамдан экинчи адамга мыйзамдуу өткөрүп берүү, жаӊы нукта шайлоолорду өткөрүү салты Казак бийлигинин тынчын алып жатканы даана көрүндү. Атамбаевдин Казак бийлигине карата айткан кескин сындары Казакстан элинин кайсы бир катмарын ойготту, толкундоолор башталбаса да Казак бийлигине жакпай турган суроолор жаралды. Мындай абал Казак бийлигин 2010-жылкы Кыргыз ыӊкылабы жөнүндө даректүү тасма тартууга аргасыз кылды. Тасманын өзөгүн Кыргыздагыдай революциялардан эл пайда таппайт, өлкө оор зыянга учурайт деген идея түзүп, 26 жылдан бери бийлик алмашпай келе жаткан Казакстанды стабилдүү өлкө катары бул көрүнүштөргө карама-каршы коюп, 26 жылдан бери бийликтен кетпей келе жаткан Нурсултан Назарбаевди Борбордук Азиядагы аксакал саясатчы, дүйнөлүк деӊгээлдеги лидер катары көрсөтүүгө аракет кылышты.
Эки революцияны баштан өткөргөн Кыргыз Республикасы акырындык менен сапарын улантууда. Ыӊкылаптар өлкө тарыхында качандыр бир кезде басып өткөн тар жол, тайгак кечүү катары калары шексиз. Акыркы 7 жылда өлкөдө 2 жолу президенттик, 2 жолу парламенттик шайлоо өттү, биометрикалык шайлоо системи киргизилди, бийликти бир адамдан экинчи адамга мыйзамдуу түрдө өткөрүп берүү салты 2-ирет бекемделди. Казакстан да кайсы бир күнү бийлик алмашуу процессине бет келет. Ал учурда бийлик кантип алмашары, кандай окуялар менен коштолору азырынча белгисиз...
Кыргыз жеринде 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкуловдун айтымында, оюндар адаттагыдай сентябрь айында өтмөкчү.
Биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз жеринде 2014-жылы, экинчиси 2016-жылы өткөрүлгөн. Өлкөдө бул оюн-зооктун пайдасынан да, чыгымы көп талкууланат. 2014-жылы оюндарды өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 102 миллион 130 миӊ сом жумшалса, 2016-жылкы чыгым 3 миллиард сомдон ашып түшкөн. Бул акчанын эсебинен Чолпон-Атадагы ат майданы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ал эми Жер үй кенин сатуудан түшкөн, өлкөдө мектептерди курууга жумшалат деген акчанын эсебинен Балыкчы-Корумду унаа жолу жаӊыланган. Депутаттар Кыргыз өлкөсү ЕАЭБдин талабына шайкеш келген лабораторияларды курууга акча таппай, дыйкандар өндүргөн товарды экспорттоого шарт түзө албай жатканда Көчмөндөр оюндарына миллиондорду жумшоо акылга сыйбаган көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Жакында Социалдык өнүгүү министрлиги ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган ата-энелерге акы төлөөгө бюджеттен кошумча 410 миллион сом бөлүүнү сунуштап, бюджеттин тартыштыгынан улам өкмөттөн колдоо таппай турат. Ал эми эмдиги жылкы өткөрүлүүчү Көчмөндөр оюндарына 307 миллион сом жумшалганы жатат. Оюндарды өткөрүүгө "Центерра" демөөрчүлүк кылары айтылды. Элдин жашоосуна жеӊилдетүүчү иштерди артка жылдыра туруп, той-ашка миллиондорду сапырууну коомчулук туура түшүнүү менен кабыл алышы кыйын.
Мурдагыдай эле, бул жолку Көчмөндөр оюндарына да дүйнө жылдызы Стивен Сигал катышат. Актёр сентябрда Бишкекке келип, иш-чараны кантип өткөрүү керектигин өкмөткө “үйрөтүп” кеткен. Күзүндө Көл жээги дагы бир дүйнө жылдызы менен көркүнө чыгышы мүмкүн. Буга чейин депутат Садык Шернияз Голливуддун жылдызы Анжелина Жолини Көчмөндөр оюндарына чакырганын жар салган. Депутаттын айтымында актриса “ойлонуп көрөйүн” деген...