Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 5-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Обский, П.Лумумбы, Абдраев, Киев, Тимирязев, К.Акиев, Сельсовет, Арзамасский, Дэн Сяопин, Месарош,  Скрябин, Элебаев, Абдрахманов, Бейшеналиева, Чүй көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында, Чүй районундагы Калиновка, Шамшы, Маданият, Кош-Канат, Чоң-Жар, Прогресс, Кайырма, Он-Бир-Жылга айылдарында, Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынын Сыдыков көчөсүндө, Кемин шаарынын Мичурин, Шолохов, Калинин, Свердлов, Советская, Бозоев, Зелёный көчөсүндө электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан