Белгилүү композитор СССРдин эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Владимир Шаинский 92 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда орус басылмалары жазышты.
Шаинский "Чебурашка жана крокодил Гена" жөнүндө мультфильмдеги жана башка бир топ белгилүү ырларды жараткан.
Ал 1925-жылы 12-декабрда Киевде туулган. Киевдеги музыкалык консерваторияда билим алып, 1941-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепетинен Ташкент шаарына эвакуацияланган. Шаинский Ташкенттеги музыкалык консерваторияда билимин улантып, кийин аскер кызматына аттанган. 1945-жылы Шаинский Москвадагы консерваторияга тапшырып, аны аяктагандан кийин Леонид Утесов оркестринде эмгектенген. Кийин музыкалык мектепте мугалим, оркестрщик, композитор, түрдүү эстрадалык оркестрлерде музыкалык жетекчи болуп иштеген. Анын биринчи чоң ийгилиги 1968-жылы жазылган "Лада" композициясы болгон. 1970-жылдарда Шаинскийдин аты белгилүү советтик композиторлордун катарында атала баштаган.
Шаинский балдар үчүн жаралган ырлары менен белгилүү. Ал бир канча чыгармаларын кинодо жана мультфильмдерде балдар дүйнөсүнө арнаган.