“Медер Үсөнов СИЗОдон бошотулду, учурда аэропортто экен. Жалал-Абадга келип, чогулгандардын алдына бир ооз сөзүн айтса, анын аман-эсен экенин өз көзүбүз менен көрсөк, Ош-Бишкек жолун ачууну пландап жатабыз”. Бул сөздү Жалал-Абаддагы митингдин лидерлеринин бири Шайырбек Ташиев билдирди. Айтымында, чогулгандар учурда Үсөновдун келишин гана күтүп жатышат. Буга чейин Жалал-Абадда жол тоскондордун талаптарынын бири Үсөновду бошотуу болчу.
Эске салсак, 31-майда Жалал-Абад шаарындагы баш аламандыкта митингчилер менен бирге облус башчысын иш ордунан кууп чыгып, өзүн "элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөнов 1-июнда УКМК тарабынан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон болчу. Бүгүн Бишкек шаардык соту аны кепилдик аркылуу СИЗОдон бошотту.