Суу кардын калың түшүшү жана шамал Чүй жана Талас облустарынын электр жарыгынын өчүрүлүшүнө себеп болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Түндүк электр" Ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
"27-декабрга караган түнү калың кар түшүү Чүй облусундагы Токмок шаарынын, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун жана Талас облусундагы Манас, Кара-Буура райондорунда электр жарыгынын өчүрүлүшүнө алып келди. Жааган кардын салмагын бак-дарактардын бутактары сынып, электр чубалгыларын үзүп кеткен учурлар катталды. Ошондой эле түн ичинде жүргөн катуу шамалдан улам электр чубалгылары бири-бирине чалынып калган. Натыйжада ток өткөрүүчү жана көмөк чордон жабдууларынын бузулушуна алып келген", - деп маалымдады басма сөз кызматы.
Учурда “Түндүк электр” ААКсынын 128 электр куроочулар бригадасы өчүрүлгөн участоктордун электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.