ӨКМ: "Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды"

Бишкек-Ош унаа жолу туруксуз аба ырайына жана кардын калың жаашына байланыштуу убактылуу жабылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кооптуу участоктордогу кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-137 жана 198-255-чакырымдарында артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрга чейин кар күрткүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

"Кардын калың жаашынан жол тыгындар пайда болгон. Кырдаалдын мындан ары оорлошуна, адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал, Кара-Көл шаарындагы посттордо, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилип, Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары, 2017-жылдын 27-декабрынан 29-декабрына чейин жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдары жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
o.aza
2017-12-27 11:48:34
Унаалардын ортосундагы аралыкты сактоо 500 м. Жизнь бболбой калдыго мындай
0
kechirmeni
2017-12-27 12:42:06
Биздикилердики 5-10 метр го аралыгы )
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан