“Кыргызстандагы азыркы бийлик мамлекетти эффективдүү башкара албай, бардык күнөөнү мурунку мамлекет башчыларына оодарып жатат". Бул сөздү мурунку президент Курманбек Бакиев “Интерфакс” маалымат агенттигине берген маегинде айткан. “Президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы жаратуучулар эмес. Мен бул оюмду 3 жыл мурун эле айткам, тилекке каршы, мунун баары тастыкталып отурат",- деди Бакиев. Ошондой эле мурунку президент Кыргызстандын учурдагы абалы өтө начар экендигин билдирген. Айтымында, коррупция өсүп, экономика төмөндөп, тышкы карыздар өсүп, элдердин жашоосу начарлаган. “Мен Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көңүл кош карабайм. Себеби Кыргызстан, менин мекеним жана менин бардык аракеттерим өлкөнүн өсүшүнө багытталган”,- дейт Бакиев.