Жактоочу: "УКМК Медер Үсөновду аэропорттон кайрадан кармап кетти"
Кепилдик аркылуу СИЗОдон бүгүн кечинде бошотулган өзүн "элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновду аэропорттон кармашып, кайрадан УКМКнын имаратына алып кетишти. Бул тууралуу анын жактоочусу Искендер Журабаев билдирди. Айтымында, Үсөнов бошотулган соң аны менен кошо УКМКнын имаратынан бирге чыккан. "Ал түз эле аэропортко барып Жалал-Абадга уча турганын айткан. Көп өтпөй мага телефон чалышып аны кайрадан кармап кеткенин айтышты. Мен тергөө тобунун жетекчиси Алайбек Нургазиевге телефон чалдым, ал Үсөновдун самолетто экенин айтты. Бирок анын кайрадан УКМКнын имаратына алынып келингени белгилүү болду",- дейт жактоочу. Үсөновдун кепилдик боюнча бошотулгандыгын далилдеген тергөөчүнүн токтому да бар экенин айтат ал. Айта кетсек, буга чейин Журабаев кардары Медер Үсөновдун кепилдик боюнча бошотулганын кабарлап, бирок кимдин кепилдиги менен коё берилгенин айткан эмес болчу. Үсөновдун бошотулганын УКМК да ырастай элек.