Шайырбек Ташиев: "Элдик губернатор" Медер Үсөнов Жогорку Кеңештин 4 депутатынын кепилдиги менен бошотулган"

Өзүн "элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөнов СИЗОдон Жогорку Кеңештин 4 депутатынын кепилдиги менен бошотулган. Ага кепилдик берген депутаттар Ахматбек Келдибеков, Абдумиталип Кочкорбаев, Өмүрбек Бакиров жана Дастан Жумабеков. "Бошотулган жаранды аэропортко узатып баруу, аны учакка жайгаштыруунун өзү мыйзамга туура келбейт экен. Ал өзү каалаган жагына барууга укуктуу. Бирок бийлик "биз Үсөновду жөнөтөбүз, силер жолду ачкыла" деп биз менен эсептешүүдө. Анын УКМКга кайрадан кармалып кетиши мыйзамдын одоно бузулушу",- дейт Жалал-Абаддагы митингдин лидерлеринин бири Шайырбек Ташиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан