Жактоочу: "Медер Үсөновду учурда сотко алып бара жатышат"
"Кепилдик аркылуу бошотулган Медер Үсөновду учурда УКМКдан Биринчи Май райондук сотуна алып бара жатышат",- деп билдирди анын жактоочусу Искендер Журабаев. Айтымында, ага УКМКнын тергөө башкармалыгынан телефон чалышып, аталган райондук соттун имаратына чакырышкан. "Алар мага Медер Үсөновдун кармалышынын мыйзамдуулугу карала тургандыгын айтышты. Мен ишенбей, анткени тергөөчүлөр бир күн бою мени алдашты",- дейт ал.