Медер Үсөновдун экинчи жолу кармалышына нааразы болгон митингчилер кайрадан топтолуп жатат
Жалал-Абаддагы Ош-Бишкек жолунун тосулган аймагына кайрадан митингчилер чогулуп жатат. Бул тууралуу митингчилердин бири Шайырбек Ташиев билдирди. Айтымында, алар өзүн "элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновдун СИЗОдон бошотулуп, бирок кайрадан УКМК тарабынан кармалып, Жалал-Абадга келбей калышына нааразы болушууда. Айта кетсек, Медер Үсөнов бүгүн кепилдик аркылуу бошотулуп, бирок аэропорттон кайрадан кармалып кеткен болчу. Анын жактоочусу кардарынын кайрадан бошотулганын кабарлады.