Баткен. 31-майда тажик жарандарынан токмоктолгон 2 жаран облустук ооруканага оор абалда которулду
31-май күнү Баткендеги Ворух анклавынын Чарку айылында
жүргөн 2 кыргыз жаранын тажиктер ур-токмокко алышып, "өлүп калды" деп окуя болгон жерден кетип калган. Андан кийин анклавдын башка тургундарынын жардамы менен Тажикстандын Согдий облусунун Исфара
шаарындагы ооруканалардын биринин жандандыруучу бөлүмүнө жеткирилген. Токмоктолгондор өздөрүнө келген соң бирөөсү 1-июнь күнү, экинчиси 3-июнь күнү Баткен облустук ооруканасынын
травматология бөлүмүнө оор абалда которулган. Бул тууралуу аталган оорукананын дарыгерлери билдиришти. Учурда жабырлануучуларга дарыгерлер кам
көрүүдө.