Канат Исаевдин иши каралып жаткан соттук отурум эртең уланат

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз орун алып жактоочулар өздөрүнүн аргумент, фактыларын келтиришти. Кийин түштөнүү убактысы болуп калганына байланыштуу сот отурумду эртең, 29-декабрда эртең менен улантуу чечимин кабыл алды.

Эскерте кетсек, Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда дагы бир иши каралып жатат. Ал 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталууда. Анда Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан