Бөдөш Мамырова, депутат: "Медер Үсөнов кайда? Биз ушинтип мышык-чычкан болуп ойной беребизби?"

“Жети-Өгүз менен Жалал-Абаддагы маселени бирге карабай калдык" дедик эле, бүгүн кайра чогуу карамай болдук. Менимче, Жалал-Абаддагы кырдаалды өзүнчө караган убакыт келди. Биз мышык-чычкан болуп ойной беребизби? Азыр Медер Үсөнов кайда жүрөт?”- деди депутат Бөдөш Мамырова ЖКнын 5-июндагы жыйынында. Айта кетсек, ЖКнын жыйын залында төрага Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” маселесин саат 14:00дө, Жалал-Абад менен Жети-Өгүздөгү митингдер тууралуу маселени азыр чогуу кароону сунуштады. Ал эми депутат Ташполот Балтабаев өлкө кооптуу кырдаалда турганда парламент башын катып отурганын айтты. “Жер-жерлерде ар кандай көйгөйлөр жаралып жатканда парламент төө куштай болуп башын кумга катып алып отурат. Мындай кылганыбыз болбойт. Митинг болуп, элдер көтөрүлүп жатканда кезексиз жыйын чакырып, маселени тез арада чечишибиз керек болчу”,- деди ал.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан