Бүгүн, 5-июнда парламенттин пленардык жыйыны өтүп жатат. Депутат Кожобек Рыспаев кичинекей нерсе үчүн парламентте ызы-чуу болуп жатканын айтты. “Жалал-Абадда бир адам өзүн "губернатормун" деп койсо эле Жогорку Кеңеште ызы-чуу түшүп жатабыз. Бул эмне деген шумдук?! Батукаев тууралуу да 3-4 күн караганбыз. Эми каяктагы бир Үсөнов тууралуу да чуу салып жатабыз. Бизде бийлик, президент дегендер барбы? Эмне себептен мындай маселелерди өз убагында чечпейбиз?” деди депутат.