Футбол дүйнөсүндөгү белгилүү оюнчу, "Алтын топ" сыйлыгынын ээси Жорж Веа Либерияда өткөн президенттик шайлоодо жеңишти камсыз кылды. Ал үчүн аталган өлкөдөгү 65 пайыз шайлоочулар добуш беришкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жорж Веанын негизги атаандашы Либериянын бийлик партиясынан учурдагы вице-президент Жозеф Боакай болгон.
Футбол сүйүүчүлөрү Веаны учурунда "Пари Сен-Жермен", "Милан", "Челси" клубдарында мыкты оюн көргөзгөнүн эстешет. Ал 1995-жылы "Алтын топ" сыйлыгына ээ болгон. Мындан тышкары эл аралык Футбол федерациясы тарабынан жана Африка футболчулары тарабынан "Мыкты оюнчу" деп табылган.
Жорж Веа спорттук карьерасын аяктагандан кийин, өз өлкөсүндөгү коомдук саясий иштер менен алек боло баштаган. Ал бул жолу үчүнчү ирет шайлоо кампаниясына катышты. 2004-жылы мурдагы футболчу "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн конгресс" партиясын түзүп, 2005-жылы биринчи жолу шайлоодо ат салышкан.
Либерия - Батыш Африкадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири. Аймакта жумушка жарамдуу калктын 80 пайызы жумушсуз. 1989-жылдары аталган өлкөдө эки ирет жарандык согуш болгон.