28-декабрь күнү кечки саат 5терде Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тойота ОРА, ДЭУ Нексия, ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү 3 унааны сүзүп кетти. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилишкен. Ошондой эле 2003-жылы туулган С. уулу С. Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерге КР ӨКМнын №94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн", - деп жазылат маалыматта.